Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагында курулуп жаткан жер семирткич өндүрүүчү заводдун жабдуулары тесттик режимде текшерилип, алардын иштөө мүмкүнчүлүктөрү бааланды.
Тестирлөөгө кытайлык инвесторлор, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин биринчи орун басары Мамажунус Абилов, Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Абсатар Эшимбаев, Өкмөт башчынын орун басары Мунар Эшанкулов жана заводдун кызматкерлери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө заводдун өндүрүштүк жабдуулары сыноодон өткөрүлүп, алардын иштөө сапаты каралды. Адистердин айтымында, бардык жабдуулар талаптагыдай деңгээлде иштеп жаткандыгы аныкталды.



Жер семирткич заводуна жүргүзүлгөн тестирлөө учурунан.
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин биринчи орун басары Мамажунус Абилов заводдун мааниси тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

Мамажунус Абилов
«Бул жер семирткич заводу Т.Кулатов айыл аймагында курулуп жатат. Бул акыркы эки жылдан бери ишке ашыруу планына киргизилген ири долбоорлордун бири. Бүгүн кытайлык инвесторлор менен биргеликте жабдууларды тесттик режимде текшерип чыктык. Бардык жабдуулар жакшы деңгээлде иштеп жатат. Буюрса, жакынкы күндөрү продукция чыгаруу боюнча иштер башталат. Завод толук кубаттуулукта ишке кирсе, Кыргызстанды жер семирткичтер менен камсыздап гана тим болбостон, чет өлкөлөргө экспорттоого дагы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан сырткары, бул жерде 2 миңден 3 миңге чейин жумуш орундарын түзүү пландалууда», – деди ал.

Жаңы өндүрүш ишканасынын ишке кириши аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп, жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылууга шарт түзөрү белгиленди. Учурда заводду толук ишке киргизүү боюнча акыркы даярдык иштери жүргүзүлүүдө. Адистердин айтымында, жакынкы аралыкта өндүрүш процесси башталып, алгачкы продукциялар чыгарылат.


Жер семирткич өндүрүү процессинде колдонулуучу негизги өндүрүштүк жабдуу тесттик режимде иштеп жатат
Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева