Токтогул районунун жаштары «Мен чемпион» республикалык спорттук оюндарынын облустук этабында Токтогулдун намысын коргогон жаш волейболчуларыбыз өзгөчө даярдыгын көрсөтүп, бардык каршылаштарын артка калтыруу менен баш байгелүү I орунду багындырышты.

Бул жөн гана жеңиш эмес, бул — райондун намысы, жаш өспүрүмдөрдүн талыкпаган эмгегинин үзүрү. Курама команданын катарында Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Терек-Суу жана Чолпон-Ата айылдарынан барган 10-класстын окуучулары Айдиншер Нургазиев менен Султан Досоев өзгөчө салым кошуп, ийгилик жаратышты.

Бул оюндарда Токтогул курама командасынын оюнчусу Айдиншер Нургазиев өзүнүн таланты, шамдагайлыгы жана чеберчилиги менен аянтчада чыныгы лидер катары таанылды. Каршылаштардын коргонуусун талкалаган, ар бир чабуулду так жана кубаттуу соккулар менен жыйынтыктады.
Айдиншердин оюну көрүүчүлөрдүн гана эмес, калыстар тобунун да жогорку баасына татыды. Жыйынтыгында Айдиншер Нургазиев мелдештин «Мыкты чабуулчусу» наамына татыктуу деп табылып, атайын Диплом менен сыйланды. Ал өзүнүн бул ийгилиги менен келечегинен чоң үмүт күттүргөн, кыргыз спортунун жаңы жанып келе жаткан жылдызы экенин дагы бир жолу далилдей алды.

Ар бир чоң жеңиштин артында спортчулардын гана эмес, аларды таптаган, жол көрсөткөн даанышман машыктыруучунун көз майы, төккөн тери жатат. Команданы ушундай бийик деңгээлге жеткирип, тактикалык туура багыт берген Нурбек агайдын эмгеги чоң.. Жаш өспүрүмдөрдүн мүнөзүн курчутуп, спортко болгон сүйүүсүн арттырган Нурбек агайдын талыкпаган аракети жана тажрыйбасы бул чоң ийгиликтин негизги пайдубалы болду. Машыктыруучунун өз ишине болгон чексиз берилүүсү бүгүн минтип өзүнүн таттуу жемишин берип отурат.

Бул жеңиштен кийин Токтогулдун жаш волейболчулары алдыдагы эң чоң сыноого — «Мен чемпион» оюндарынын республикалык этабына түз жолдомо алышты. Эми алар бир гана райондун эмес, бүтүндөй Жалал-Абад облусунун намысын коргоп, өлкө деңгээлинде ат салышат. Бул жаштарыбыз үчүн чоң жоопкерчилик жана чоң сыймык. Жалпы Токтогул коомчулугунун, жердештеринин атынан Айдиншерди, чемпион болгон жалпы команданы жана алардын устаты Нурбек агайды облустук деңгээлдеги жаркын жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Даярдаган: Азема Сабырбекова