2026-жылдын 19-июнунда Кочкор айылында сууга түшүү коопсуздугун камсыз кылуу жана ар кандай кырсыктардын алдын алуу максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү. Рейд Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын, билим берүү бөлүмүнүн, райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын өкүлдөрүнүн биргелешкен иш алып баруусу менен уюштурулду.

Жайкы эс алуу мезгилинде жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана сууга байланыштуу кырсыктардын алдын алуу максатында атайын рейддик иш чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү жарандарга, ата-энелерге жана жаш өспүрүм балдарга сууга түшүү эрежелерин сактоо, коопсуздук чаралары жана мүмкүн болуучу тобокерчиликтер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле рейдге тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү айыл аймагындагы суу жээктерин кыдырып, жарандарга балдарды кароосуз калтырбоо жана кооптуу жерлерге түшпөө боюнча маалымат берилди.

Адистер жай мезгилинде сууга байланышкан кырсыктар көбөйөрүн белгилеп, ар бир жаранды өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугуна жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырышты. Ошондой эле жашы жете элек балдардын ата-энелеринин көзөмөлсүз суу жээктерине баруусуна жол бербөө зарылдыгы айтылды.

Иш-чаранын соңунда уюштуручуулар жарандарды коопсуздук эрежелерди так сактоого чакырып кетишти. Мындай рейддер жайкы мезгил ичинде үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турары белгиленди.
Сүрөттөр Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын архивинен алынды.
Даярдаган: Мадина Тилекова, Райана Жумадилова