Түп айылында 19-июнь күнү жаңы курулган «Ысык-Көл нуру» атындагы мечит расмий ачылып, анда алгачкы жума намазы окулду.Миңге жакын адамды батыра алган заманбап мечит Кайык уулу Жазыбай атанын жаркын элесине арналып салынган. Курулуш иштери 8 ай ичинде бүткөрүлүп, имаратта коопсуздук талаптарына жооп берген бардык шарттар каралган.


Мечиттин ачылыш аземинде Түп районунун тургундарынын атынан сөз сүйлөгөн Саркөбөнов Кубан ажы курулушка салым кошкон инсандарга ыраазычылык билдирди. Ошол учурда мечиттин негизги демөөрчүсү Тасма айылынын тургуну, ишкер Кайыков Айбек Орозбекович экени белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, Айбек Кайыков атасы Орозобек жана агасы Курманбек Кайыковдор менен биргеликте бул соопчулук ишти Алланын ыраазычылыгы үчүн аткарып, курулуш учурунда өздөрүн жарнамалоодон алыс болушкан.
Ачылышка катышкан жамаат жаңы мечиттин ишмердүүлүгүнө ийгилик каалап, демөөрчүлөргө ак батасын беришти.
«Ысык-Көл нуру» мечити эми Түп районундагы тургундардын диний ибадаттарын аткаруучу жана руханий агартуу иштерин жүргүзүүчү маанилүү жайлардын бири болуп кызмат кылат.
Даярдаган; Муратбек Жумакадыров