Сары-Булак айылында жаңы кичи футболдук аянтча ачылып, анын урматына мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү. Иш-чара спортту өнүктүрүүгө жана кызматкерлердин биримдигин чыңдоого багытталды.
2026-жылдын 19-июнунда Сары-Булак айыл аймагына караштуу Сары-Булак айылында жаңы кичи футболдук аянтчанын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б.А. Досалиев катышып, спорттук жайды расмий түрдө ачып берди.

Ачылыш аземине айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын аксакалдары, жергиликтүү тургундар жана жаштар катышып, спорттук аянтчанын пайдаланууга берилиши менен куттуктап, ак баталарын жана каалоо-тилектерин билдиришти.

Ошондой эле 23-июнь – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүнө карата айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, маданият кызматкерлери, техникалык тейлөө кызматкерлери жана «Төлөк-Ак-Кыя» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринен түзүлгөн командалар арасында футбол боюнча мелдеш уюштурулду.

Мелдештин жыйынтыгында Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан жеңүүчүлөргө кубок, медалдар жана дипломдор тапшырылды. Байгелүү орундар төмөнкүдөй аныкталды:
• 1-орун – Төлөк командасы
• 2-орун – Сары-Булак командасы
• 3-орун – Ак-Кыя командасы

Иш-чаранын негизги максаты – сергек жашоо образын жайылтуу, спортту өнүктүрүү жана мамлекеттик менен муниципалдык кызматкерлердин ынтымагын бекемдөө болуп саналат.
Бурул Майрамбек кызы