Мурда айыл жаштары футболдук аянтча жок болгондуктан шагыл үстүндө топ ойноп келишкен. Айыл жаштарынын спортко ынтызарлыгын көргөн айыл өкмөт башчы жана айылдык жергиликтүү кеңештин демилгеси менен 2021- жылы Нарын облусунун Теңир Тоо өнүктүрүү фондуна долбоор жазылган.
Долбоор 2024- жылдын январь айында облустук Теңир Тоо өнүктүрүү фондунун комиссиясынын кароосунан өтүп 3188000 сом жана Дөбөлү айыл өкмөтүнөн өздүк салымы бөлүнүп берилип, ОсОО АТНЖ фирмасы 3125000 сомго тендерден утуп, июль айынан баштап курулуш ишин башташкан. Натыйжада кичи футболдук аянтча үч айдын ичинде толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилүү алдында турат.
Индира Мөндүрбаева