Токтогул шаардык мэриясына караштуу Кара-Суу айылында асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.АРИС Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу каржылап жаткан CASA-1000 долбоорунун алкагында Кара-Суу айылынын негезги көчөлөрүнүн бири болгон Асанбай көчөсүндө асфальт басуу иштери жүрүүдө.



«2023-жылы АРИС программасы каржылаган CASA-1000 долборуна онлайн катышып 140 миң долларлык долбоорду утуп алганбыз. Айыл элинин ынтымагы менен айыл ичиндеги ички көчөлөрдү ондоп алалы деп чечтик. Иш чаранын алкагында тоскоолдук жараткан курулуштар бузулуп айылдын генералдык планына ылайык өз чегине жылдыруу иштери жүргүзүлүп, электр мамычалары да ылайыкташып жылдырылды. Жөө адамдар үчүн жол (тротуар), лотокту коюп, жакынкы аралыкта иш чара толугу менен жыйынтыкталуу алдында турат» дейт Кара-Суу айылынын айыл башчысы Алмаз Орозов.





Долбоордун аякташы менен Кара-Суу айылынын Асанбай көчөсүнүн 1 чакырым жерине асфальт төшөлүп жергиликтүү туругундарга шарттар түзүлмөкчү.
Даярдаган: Айтурган Акимжанова