Кетмен-Дөбө аймагынын Чолпон-Ата айылына караштуу Балыкты участкасына 3 км. аралыктан ичүүчү таза суу тартылып жатат.
Балыкты айылынын 13 үй-бүлөөсүнүн 52 адамын таза-суу жеткирүү менен Чолпон-Ата айылындагы 350 түтүн элдерди ичүүчү таза-суу менен камсыздап, ичиндеги таза-суу келүүчү трубалардын эскилиги жетип, жарылган жерлерин алмаштырып, жамап жаңылоо жана сууну азайтып, көбөйтүп, токтотуп туруучу люктарга түшүү үчүн шаты жасалды. Жүргүзүлүп жаткан иштерге элдик салымдан 85.000 миң сом каржыланды.
«Жылуу-Булактын башына суу топтоочу 10 м2 резервуар куруу учун, тереңдиги 3 метр болгон жерди кол менен казып, ичин калыңдыгы 10 см. цемент менен арматура токуп, бетондоп, резервуардын айланасын тосууга 6х6 профиль менен бийиктиги 2 метр 10 даана стойка орнотулду. Стойкаларды орнотуу үчүн 10 даана тереңдиги 50 см. чуңкур казылып, цемент менен стойкалар орнотулуп жана резервуардын 20 м2 айланасы темир тосмо менен тосулду. 3 км аралыктагы жерге тереңдиги 70 см. туурасы 50 см. узун терең чуңкур казылып, трубаларды улаштырылып, жаткызылды. Жыйырма жерге 20 даана кранник орнотуп, тереңдиги 2 метр болгон 5 даана чуңкурларды казып, трубаларды ачтык. Экскаватор каза албаган, трубаларды курчаган жерлерин курөк менен казып, трубаларды ачып, жарылып калган жерлерин кесип алып, кайрадан жаңы труба улаштырып, жаңы коюлган трубаларды курчап бетон куйдук. Ошону менен бирге жылдыргычтардын ремонт иштерин жүргүзүү учурунда 6 даана люктарга түшүп сууну көбөйтүп-азайтып, токтотуп-чыгаруу үчүн профильди сварка менен кесип 6 даана темир шаты жасап бүттүк» деп билдирди Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Чолпон-Ата айылынын айыл башчысы Кадырбек уулу Бакберген.
Бул долбоор БУУ ДАТПнын колдоосуна алынып, жалпы 18 адам убактылуу жумуш менен камсыз болушту. Бул долбоордун катышуучуларынын ар бирине, эмгектери үчүн БУУ ДАТП тарабынан 6 мешок ун, 30 л суу май берилди.
Биз айыл тургундары ушул убакка чейин ичүүчү таза сууну арыктагы агын суудан ичип келгенбиз. Азыркы күндө таза суу чыгаруу иштери жүрүп жатат. Айыл эли өздүк салым менен акча чогултуп, колубуздан келген ишти жасап, арык казуу иштерине жардам бердик. Буюрса азыраак иштери калды бүтсө, айыл эли таза суу ичип калабыз дейт айыл аксакалы Керезбек Калыбеков.
Даярдаган: Айтурган Акимжанова.