Токтогул районундагы Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын тургундары үчүн маанилүү болгон Бууракан–Үч-Терек жергиликтүү маанидеги автоунаа жолун калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Учурда жолдун 5 чакырымдык тилкесине жаңы асфальт-бетон төшөлүүдө.

Жолду оңдоп-түзөө иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Долбоордун жалпы наркы 36 миллион сомду түзөт. Курулуш иштерин аткаруу №30 Жол эксплуатациялоо ишканасына (ЖЭИ) жүктөлүп, учурда жумуштар кызуу жүрүп жатат.

Жолдун ушул тилкесин оңдоп-түзөө Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын тургундары үчүн коопсуз, ыңгайлуу жана тоскоолдуксуз каттамды камсыз кылат. Ошондой эле жергиликтүү калктын жүрүп-туруу шартын кыйла жакшыртып, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө да олуттуу түрткү берери күтүлүүдө.

Жергиликтүү Ничке-Сай айылынын жаштары жана тургундары жол куруу иштеринин сапаттуу жана белгиленген талаптарга ылайык бүткөрүлүшүн каалап, куруучуларга колдоо көрсөтүштү. Айылдын аксакалдары жолдо иштеп жаткан кызматкерлерге ак батасын берип, эмгегине ийгилик каалашты.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, жолдун оңдолушу айыл элинин көптөн берки көйгөйлөрүнүн бирин чечүүгө өбөлгө түзөт.
Даярдаган: Азема Сабырбекова