Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: айыл чарба

Токтогулда Бууракан–Үч-Терек жолунун 5 чакырымына асфальт төшөлүүдө

Токтогул районундагы Элмирбек Иманалиев айыл аймагында Бууракан–Үч-Терек автоунаа жолунун 5 чакырым тилкесине асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, ага 36 миллион сом бөлүнгөн.

Токтогул суу сактагычында браконьерликке каршы күрөш күчөтүлөт

​Токтогул районунун аймагындагы Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого жана браконьерликке каршы күрөшүү максатында райондук ички иштер бөлүмүнө заманбап суу транспорту тапшырылды. Жаратылыш ресурстарын жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо, ошондой …

Токтогул шаарында коммуналдык кызматтардын материалдык базасы жаңыланды

Токтогул шаарында коммуналдык кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында «Ыңгайлуу шарт» муниципалдык ишканасынын материалдык-техникалык базасы жаңыланды. Бул максатка Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан 5 миллион 721 миң сом бөлүнгөн.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Кетмен-Дөбөдө маанилүү долбоорлорду ишке ашырды

Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) алкагында Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагында бир катар маанилүү инфраструктуралык жана экологиялык долбоорлор ийгиликтүү жүзөгө ашырылды. Бул демилгелер жергиликтүү калктын жашоо шартын …

Чолпон айыл өкмөтүнө келген жаңы техникалар эл кызматына иштеп жатат

2024-жылдын май айында Чолпон айыл өкмөтүнө жергиликтүү бийликтин жана мамлекеттин колдоосу менен айыл чарба жана тиричилик муктаждыктары үчүн 4 жаңы техника алынган. Арадан убакыт өтсө да, бул техникалар бүгүнкү күндө …

Академик Жамин Акималиевдин 90 жылдыгы кичи мекенинде белгиленди

Бүгүн  академик жана коомдук ишмер, Жамин Акималиевдин   90 жылдыгына арналган салтанаттуу  иш чара анын  кичи мекени  Баетов айыл аймагына караштуу Үгүт айылында өттү. Ага Ж.Акималиев үй-бүлөсү менен, ошондой эле жергиликтүү …

Токтогул: Чоң-Арык айылынын эли ички арык, каналдарды тазалашты

Токтогул районуна караштуу, Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы Чоң-Арык айылынын тургундары ички арыктарды жана каналдарды тазалоо боюнча ишембиликке чыгышты. Бул демилге сугат маалында суунун кечигүүсүз келишин камсыздоо максатында ишке ашырылды.

Токтогул: Кырк-Казык айылында арык маселеси чечилди

Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу, Кырк-Казык айылында бир жылдан бери чечилбей келген сугат суу көйгөйү чекит коюлду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кубаныч менен билдиришүүдө. Эске салсак, мындан бир жыл мурун аталган …

Жеңилдетилген баадагы солярка Төлөк айылынын дыйкандарына жеткирилди

Төлөк айылындагы дыйкандарды колдоого багытталган иш-чаранын алкагында күйүүчү май менен камсыздоо уюштурулуп, жазгы талаа иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүгө шарт түзүлдү.

Чолпон айылында сугат суунун тартыштыгы дыйкандарды түйшөлтүүдө

Жазгы талаа иштери кызуу башталганы менен, сугат суунун жоктугу дыйкандарды түйшүккө салууда. Жер айдап бүткөндөр көп болсо да, суу жетпеген жерлерде себүү иштери токтоп турат.

Кочкор: Атайын техникалар келди

Кочкор районунун айылдарынын ички жолдорун оңдоого, ирригация маселесин чечүүгө, элет элинин негизги көйгөйлөрүн  жоюга шарт түзүлдү. Ал үчүн Кочкор районуна заманбап грейдер, погрузчик, цемент куйгуч жана чоң жүк ташуучу HOWO …

Токтогулда жаңы техникалар жол оңдоого киришти

Токтогул шаардык мэриясы муниципалдык ишканалардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо менен бирге, инфраструктураны жакшыртуу иштерин активдүү баштады. Жаңы алынган техникалар салтанаттуу тапшырылгандан кийин дароо ишке киришип, шаарга караштуу айылдардын жолдорун иретке келтирүүдө.

Токтогул: Камыш-Башы айылы таза суу менен камсыз болот

Токтогул районуна караштуу, Камыш-Башы айылы таза суу менен камсыз болууда. Камыш-Башы айылынын тургундарынын көп жылдык тилеги орундалып, бүгүн 300 кожолукту таза суу менен камсыз кылуу иштери башталды.

Токтогул шаарында 3,5 гектар жер аянты жашылдандырылат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров тарабынан демилгеленген “Жашыл Мурас” улуттук программасынын алкагында Токтогул шаарында жашылдандыруу иштерине даярдыктар пландуу түрдө жүргүзүлүүдө.

Токтогулда сугат суу көйгөйү чечилип, талаа жумуштары кызуу жүрүп жатат

Токтогул районунун Торкен айылынан тарта Кара-Жыгач, Үч-Терек аймактарына чейин масштабдуу ирригациялык жумуштар жүрүп жатат. Эскирген арыктар жаңы лотокторго алмашып, каналдар заманбап бетон палотнолору менен капталууда. Бул аракеттердин башкы максаты — …

Токтогул районунда айыл чарба техникасы жаңыланууда

Токтогул районунда айыл чарба тармагын өнүктүрүү жана дыйкандардын эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында маанилүү кадам жасалды. “Орток” айыл чарба кооперативинин башчысы, жеке ишкер Касымов Шергазы тарабынан заманбап “Кайсун 1604” үлгүсүндөгү 2 …

Токтогул-Бешташ автожолунун жол жээгиндеги мамылар жаңырат

Токтогулда Бешташ автожолунун жол жээгиндеги мамычалар жаңыртылат.Токтогул районунун өнүгүүсүнө жана калктын коопсуздугуна багытталган кезектеги ири долбоор ишке ашууда. Учурда жүрүп жаткан Токтогул-Бешташ автожолунун реконструкциясынан улам, жол жээгиндеги эскирген жыгач мамыларды …

Токтогул районунда таза суу, сугат суу жана жайыт маселелери боюнча жыйын өттү

Бүгүн Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Акылбек Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын өткөрүлдү. Жыйынга райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар мэри, айыл өкмөт башчылары, муниципалдык ишканалардын директорлору жана айыл аймактардагы …

Сапаттуу үрөндү 30% арзан алууга болот

Кочкор районунун дыйкандары үчүн 2026-жылдын жазгы талаа иштерине карата мамлекеттик колдоо уланууда. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, дыйкан-фермерлер сертификацияланган үрөндөрдү 30 пайыздык дотация менен жеңилдетилген баада сатып ала алышат. …

Токтогулда ветеринардык-санитардык талаптарды сактоо боюнча рейд уюштурулду

Токтогул райондук ветеринардык башкармалыгы тарабынан Токтогул шаарынын муниципалдык мал базарында рейддик иш-чаралар уюштурулду.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...