Токтогул районунун аймагындагы Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого жана браконьерликке каршы күрөшүү максатында райондук ички иштер бөлүмүнө заманбап суу транспорту тапшырылды. Жаратылыш ресурстарын жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо, ошондой эле рейддик иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында «Атайын эсеп» мамлекеттик мекемеси тарабынан Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнө (РИИБ) жаңы суу транспорту алынып берилди.

Тапшырылган техника — «Лодка Тактика 550 Круиз» үлгүсүндөгү алюминий кайыгы. Анын жалпы баасы 3 миллион 348 миң сомду түзөт. Кайык заманбап шаймандар, коопсуздук жабдуулары жана кургактыкта ташууга арналган атайын чиркегич менен камсыздалган. Бул техника милиция кызматкерлерине суу сактагычтын аймагында ыкчам аракеттенүүгө жана рейддик иш-чараларды натыйжалуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Токтогул суу сактагычынын аянты чоң болгондуктан, мыйзам бузууларды өз убагында аныктоо үчүн ылдам жана заманбап суу транспорту зарыл. Жаңы кайык браконьерликке каршы күрөшүүгө, мыйзамсыз балык уулоону аныктоого жана суудагы тартипти көзөмөлдөөгө көмөк көрсөтөт.

Мындан ары суу сактагычтын аймагында көзөмөл жана рейддик иш-чаралар күчөтүлөт. Бул чаралар экологиялык абалды сактоого, балык ресурстарын коргоого жана жаратылышка келтирилген зыяндын алдын алууга багытталган.

Укук коргоо органдары жарандарды жаратылышка аяр мамиле жасоого, мыйзамсыз балык уулоого жол бербөөгө жана мыйзам талаптарын сактоого чакырат.
Даярдаган: Азема Сабырбекова