Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров тарабынан демилгеленген “Жашыл Мурас” улуттук программасынын алкагында Токтогул шаарында жашылдандыруу иштерине даярдыктар пландуу түрдө жүргүзүлүүдө.


Аталган программанын алкагында шаардын Тегерек участкасында жалпы аянты 3,5 гектар жерге 450 түп шабдалы жана 150 түп өрүк көчөттөрүн отургузууга даярдык иштери толук жыйынтыкталды.

Белгиленген жер аянтын тосууга керектүү материалдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланса, ал эми тосуу иштерин ишке ашыруу максатында Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк Азык-түлүк программасына долбоор жазылып, анын алкагында шаар аймагынан социалдык колдоого муктаж 20 жаран убактылуу жумуш менен камсыздалып, тосуу иштери бүткөрүлдү.

Алдыда көчөттөрдү отургузуу иштери жүргүзүлмөкчү.

Даярдаган: Азема Кудуева