Бүгүн 9-апрель күнү Кочкор райондук Жыргалбек Абдыкалыков атындагы маданият үйүнүн сахнасынын жана үн жазуу студиясынын ачылышы жана Асанбек Бейшекеев атындагы фольклордук элдик аспаптык ыр ансамблинин тушоо кесүү концерти өттү.

Концерт маданият үйүнүн заманбап сахнасы жана үн жаздыруу студиясы менен тыгыз байланышта уюштурулуп, көрүүчүлөргө жогорку сапаттагы үн жана көркөм атмосфера тартууланды. Жаңы түзүлгөн ансамбль өзүнүн алгачкы чыгармачылык кадамын дал ушул сахнадан баштап, эл алдына өнөрүн тартуулады.

Иш-чаранын жүрүшүндө ансамблдин мүчөлөрү кыргыз элинин бай музыкалык мурасын чагылдырган күүлөрдү, обондорду жана элдик чыгармаларды аткарышты. Комуз, кыл кыяк, чоор сыяктуу улуттук аспаптардын коштоосунда жаңырган чыгармалар көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, зор кол чабуулар менен коштолду.

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Баялы Досалиев

Ошондой эле салтанаттуу тушоо кесүү аземи символикалуу түрдө өткөрүлүп Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Баялы Досалиев келечектеги ийгиликтерине ак жол каалап кетти. Концертке ардактуу коноктор жана маданият адамдары куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, Жыргалбек Абдыкалыков атындагы маданият үйүнүн кызматкерлерине чыгармачылык ийгиликтерди каалашты.
Даярдандар: Мадина Тилекова, Райана Жумадилова