Өзбекстандын Ташкент шаарында жаш таланттар арасында эл аралык кароо-сынак болуп өттү. Аталган сынакка Кыргызстан менен Казакстандын өнөрпоздору катышып, өз ара ат салышты. «Узоры Азии» эл аралык сынагында Кыргызстандын намысын коргогон Токтогул райондук балдар музыкалык мектебинин окуучулары жана мугалимдери ийгиликке жетишип, баш байгелерди (Гран-при) утуп алышты.

Сынактын жыйынтыгында Токтогул шаарынан барган жаш музыканттар 5 номинация боюнча катышып, бардык негизги багыттарда Баш байгелерди (Гран-при) жеңип алышты. Токтогулдук жаш таланттар өздөрүнүн даярдыгы жана виртуоздук чеберчилиги менен калыстар тобун таң калтыра алышты.

Сумая Ашымова — жеке күү аткаруу номинациясы боюнча катышып, өнөрүн көрсөтүп Баш байгени багындырды.

«Ботой» фольклордук ансамбли — мугалим Райла Изамбаеванын жетекчилиги казак элинин улуу чыгармасы «Ата толгау» күүсүн аткарып, ансамблдер арасында Баш байгеге ээ болду.
Токтогул райондук балдар музыкалык мектебинин дагы бир мугалими Айгүл Моңолбаева даярдап барган ансамбль залкар комузчу Нурак Абдрахмановдун «Мезгил жаңырыгы» күүсүн ийине жеткире аткарып, дагы бир Баш байгени райондун куржунуна кошту.

Райла Изамбаеванын шакирттери ушул эле жылдын март айында республикалык деңгээлдеги «Достук шаңы» сынагынан да баш байгени утуп, өздөрүнүн өлкөдөгү эң мыктылардын бири экенин далилдешкен.

Токтогул жергеси — улуу акын жана виртуоз комузчу Токтогул Сатылгановдун мекени. Бүгүнкү күндө анын атын алып жүргөн музыкалык мектептин окуучулары улуттук аспапты эл аралык сахнада татыктуу даңазалап, ата-бабалардан калган улуу өнөрдү ишенимдүү улантып жатышат.
Даярдаган: Азема Сабырбекова