Бүгүн Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Акылбек Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын өткөрүлдү. Жыйынга райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар мэри, айыл өкмөт башчылары, муниципалдык ишканалардын директорлору жана айыл аймактардагы ветеринардык дарыгерлер катышты.

Жыйындын күн тартибинде айыл аймактардагы таза суу маселеси, сугат суунун абалы, жайыттарды пайдалануу, бруцеллез оорусунун жайылышы жана алдын алуу чаралары, ошондой эле айыл чарбасын каттоо иштеринин жүрүшү талкууланды. Тиешелүү жетекчилер жана адистер маалымат берип, көйгөйлөрдү чечүү жолдору боюнча сунуштарын айтышты.
Талкуунун жүрүшүндө айрыкча таза суу менен камсыз кылуу, сугат сууну туура пайдалануу, жайыттарды натыйжалуу башкаруу жана мал арасында кездешкен бруцеллез оорусунун алдын алуу иштерин күчөтүү зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле айыл чарбасын каттоо иштерин так жана сапаттуу жүргүзүү боюнча милдеттер коюлду.

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Акылбек Тюкебаев жыйындын жүрүшүндө бул маселелер район үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи.
— “Айыл аймактарындагы таза суу жана сугат суу маселеси элдин жашоо-турмушуна түздөн-түз байланыштуу. Ошондуктан бул багыттагы иштерди өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү керек. Ошондой эле жайыттарды туура пайдалануу, мал арасында кездешкен бруцеллез оорусунун алдын алуу жана айыл чарбасын каттоо иштерин так жүргүзүү – ар бир жооптуу кызматкердин негизги милдети. Бардык тиешелүү мекемелер жана айыл өкмөттөр бул иштерге жоопкерчилик менен мамиле кылуусу зарыл,” — деди аким.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мекеме-уюмдарга жана айыл өкмөттөрүнө протоколдук тапшырмалар берилип, алардын аткарылышын көзөмөлдөө милдеттендирилди.
Даярдаган: Азема Кудуева.