Ак-Талаа районундагы Э Карасартов атындагы жалпы билим берүү мектебинде билим берүүгө арналган кеңешме өтүп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары, айыл өкмөт башчыларынын орун басарлары, мектеп, бала бакча жетекчилери ж.б тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катытшы. Күн тартибинде учурдагы жалпы билим берүүнүн абалы менен бирге өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук, экстремизм, зордук-зомбулук, укук бузууларды алдын алуу, эрте нике маселелери каралды.

РБББнүн башчысы Ж.Сыдыков 2025-2026 окуу жылында аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, билим сапаты 3-чейректин жыйынтыгы менен 53% түздү деп билдирди. Ошондой эле облустук олимпиаданын жыйынтыгы менен 4 окуучу республикалык турга жолдомо алганын кошумчалады.

Андан соң Ак-Талаа РИИБнүн кызматкери А.Жолдошов өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук боюнча маалымат берди жана үй-бүлөлүк зомбулук боюнча М.Байшериев райондук прокуратуранын сунуштары менен тааныштырды.
Ал эми район прокурору Б.Акматов: «райондун аймагында өспүрүмдөр тарабынан жасалган өзгөчө оор кылмыштар көбөйгөнүн (2026-жылдын алгачкы 2 айында 2 факт катталган), ошо менен бирге эрте никеге туруу фактылары катталып жатат»- деп билдирди.
РИББнүн башчысы М.Бейшекеев кибер коопсуздук, интернет шылуундарга мугалимдердин, мектеп окуучуларынын алданган учуралыр бар экенин жана аларга үзгүлтүксүз маалымат берүү керектигин айтты.
Жүрүшүндө күн тартибиндеги маселелер боюнча суроолорго тиешелүү өкүлдөр жооп беришти.


Кеңешме соңунда аким М.Камчыбеков билим сапаты олимпиада жана ЖРТнын жыйынтыгы менен аныкталарын айтып, айрым мектептердин алдыңкы көрсөткүч бере албай жатканынын себебин анализдөө керектигин жана тиешелүү өкүлдөргө окуучуларга байланыштуу маселелерди чечүүгө көмөктөшүүнү тапшырды. Ошондой эле ар дайым мугалимдерди колдой турганын айтып, агартуу кызматкелерин келечек муунду тарбиялоодо өз милдеттерин жоопкерчилик менен аткарууга чакырды.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова