Майрамдык иш-чарага мамлекеттик мекеме-уюмдардын өкүлдөрү, мугалимдер жана жергиликтүү тургундар катышты. Катышуучулар ак калпак кийип, Кочкор райондук мамлекеттик администрациядан борбордук көчө аркылуу жөө жүрүш жасап, улуттук салт-санааны даңазалашты.

Андан соң салтанаттуу бөлүк өткөрүлүп, анда уюштуруучулар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сөз сүйлөп, ак калпак кыргыз элинин ыйык символу экенин белгилешти. Кочкор райондук мамлекеттик администрациянын акимдин орун басары Эркинбек Чекирбаев жаштарды улуттук маданиятты сактоого жана урматтоого чакырды.

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын акимдин орун басары Эркинбек Чекирбаев
Иш-чаранын жүрүшүндө Кочкор райондук маданият үйүнүн кызматкелер тарабынан концерттик программа тартууланып, улуттук ыр-бийлер аткарылды.

Бул майрамга келген Кочкор айылынын тургуну Топчубек Рысбаев ак калпак жөнүндө сөз сүйлөдү:

Кочкор айылынын тургуну Топчубек Рысбаев
» Урматтуу жалпы элибизди бүгүнкү ак калпак күнү менен куттуктайм. Калпак бул кыргызымдын сыймыгы. Калпактын — кылымдарды карыткан тарыхы бар, терең маанини камтыгын ыйык символдордун бири. Кыргыз элинин маданиятын, каада-салтын, улуттук өзгөчөлүгүн жана эр азаматтыгын көрсөтүп турат. Калпакты кийген адам өзүнүн улутуна, элине болгон сыймыгын көрсөтөт. Мен жыл сайын майрамдык жөө жүрүшкө катышканыма абдан сыймыктанам.»

Даярдаган: Тахмина Абдилбек кызы