Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана район тургундары катышты.

Мааракенин алкагында райондун тарыхын, маданиятын жана жетишкендиктерин даңазалаган маданий иш-чаралар уюштурулду.
Маалыматка ылайык, районунун 90 жылдыгына карата жыл башынан бери 90 иш-чара өткөрүлгөн. Анын ичинде маданий жана спорттук мелдештер, акындардын айтышы жана ар түрдүү сынактар уюштурулган.
Мындан тышкары, аймактын инфраструктурасын өнүктүрүүгө көңүл бурулуп, ички жолдор курулуп, бир катар социалдык объекттер пайдаланууга берилген.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев өз сөзүндө Тогуз-Торонун тарыхый мурасына жана жергиликтүү элдин эмгегине токтолду:
«Тогуз-Торо — жаратылыш ресурстарына бай, эли эмгекчил жана меймандос куттуу жер. Райондун түптөлүшүнө жана өнүгүүсүнө салым кошкон инсандардын эмгеги кийинки муундар үчүн ар дайым үлгү болуп калат», — деди ал.
Салтанатта аймактын транспорттук жана энергетикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган ири долбоорлордун мааниси да белгиленди. Алардын катарында Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу, Жалал-Абад–Балыкчы альтернативдүү автожолу жана Казарман ГЭСтер каскады аталды.

Майрамдык иш-чаралар Жээнтай Кыдыров атындагы борбордук эс алуу паркында уланды. Анда «Тогуз-Торого 90 жыл» аттуу театралдаштырылган көрсөтүү тартууланып, кыргыз элинин тарыхы, тарыхый доорлор жана Саймалуу-Таштын петроглифтери көркөм чагылдырылды.
Район акими Нурлан Эшмукамбет уулу маараке менен куттуктап, районду мындан ары өнүктүрүү жана тарыхый мурастарды сактоо кийинки муундардын алдындагы маанилүү милдет экенин белгиледи.


Салтанатта мамлекет тарабынан ишке ашырылып жаткан ири инфраструктуралык долбоорлор Тогуз-Торо районунун транспорттук, энергетикалык жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн жаңы деңгээлге көтөрөрү өзгөчө баса белгиленди. Райондун келечектүү географиялык абалын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзө турган негизги объектилер:
• Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу — аймакты эл аралык логистикалык каттамдардын борборуна айлантат;
• Жалал-Абад–Балыкчы альтернативдүү автожолу — өлкөнүн түндүк-түштүк аймактарын байланыштырып, Казарман аркылуу транспорттук агымды күчөтөт;
• Казарман ГЭСтер каскады — өрөөндүн жана жалпы өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын жана коопсуздугун камсыз кылат.



Майрамдык программа райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыр-бийлери, искусство мектебинин оркестринин аткаруусу жана эстрада ырчыларынын катышуусундагы концерт менен жыйынтыкталды.
Маалымат үчүн: Тогуз-Торо районунда бүгүнкү күндө 27 миң 600гө жакын адам жашайт.
Аделина Бейшеналиева