Тогуз-Торо районунун ардактуу атуулу, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар жана Журналисттер союздарынын мүчөсү, белгилүү жазуучу жана акын Гаарба Орозматов «Тогуз-Торо ФМ» коомдук радиосунун түз эфиринде конок болуп, «Чолук баатыр» аттуу жаңы китеби тууралуу маек курду.

Уктуруу учурунда калемгер чыгарманын жаралуу тарыхына токтолуп, анда баяндалган тарыхый инсандын өмүр жолундагы маанилүү окуялар тууралуу айтып берди. Өзгөчө, 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүш Үркүн мезгилинде Чолук баатырдын көрсөткөн эрдиги, эл-жерин сактап калуудагы аракеттери жөнүндө маалыматтарга басым жасалды.

Жазуучунун айтымында, бул эмгек аймактын тарыхый мурасын сактоо жана жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоо максатында жазылган. Уктуруу маалында угармандар тарыхый окуяларга жана каармандын тагдырына кызыгып, бир катар суроолорун узатышты.
Белгилей кетсек, Гаарба Орозматов буга чейин да аймактын маданиятына жана адабиятына салым кошуп, окурмандарга бир катар чыгармаларын тартуулаган. Алардын арасында «Күдүк» романы да бар. Ал эми «Чолук баатыр» китеби Үркүн тарыхын жана жергиликтүү баатырлардын өмүр жолун таанып-билүүгө өбөлгө түзгөн эмгектердин бири болуп саналат.
Аделина Бейшеналиева