Чолпон айылында борбордук көчөнү түнкүсүн жарыктандыруу үчүн күн энергиясы менен иштеген чырактар орнотулду. Долбоор Кочкор районун өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, ага 800 миң сом бөлүнгөн. Учурда айылдын борбордук бөлүгүндөгү чырактар түнкүсүн көчөнү жарыктандырып жатат.
Чолпон айыл аймагынын башчысы Закир Козубековдун маалыматына караганда, борбордук көчөнү жарыктандыруу демилгеси буга чейин көтөрүлүп, Кочкор районун өнүктүрүү фондуна сунушталган. Долбоор жактырылгандан кийин аны ишке ашырууга каражат бөлүнгөн.
Жарыктандыруучу жабдуулар 2024-жылы алынып, ошол эле жылдын аягында жеткирилген. Аларды орнотууга даярдоо, ширетүү жана бириктирүү иштери убакытты талап кылган. Айыл башчысынын демилгеси менен ширетүүчүлөр тартылып, жабдууларды орнотууга даярдоо иштери жүргүзүлгөн. Учурда чырактар айылдын борбордук бөлүгүнө орнотулуп, көчөнү түнкүсүн жарыктандырууда.

Долбоордун кийинки этабында көчөнүн баш жагындагы болжол менен 500 метр аралыкты жарыктандыруу пландалууда. Бул тилкеде жолду оңдоо жана асфальт төшөө каралгандыктан, чырактар жол куруу иштери аяктагандан кийин орнотулат:
«Баарын бир убакта бүтүрүү кыйын, анткени ар бир ишке каражат жана убакыт талап кылынат. Ошондуктан иштерди кезеги менен жүргүзүп жатабыз. Азыр айылдын борбордук бөлүгүнө чырактар орнотулуп, түнкүсүн жакшы жарык берип жатат. Алдыда башка көчөлөрдү да жарыктандыруу боюнча пландарыбыз бар», — деди Закир Козубеков.

Мындан тышкары, айыл аймагындагы Чекилдек–Эпкин жолунун жээгине да жарыктандыруучу чырактар орнотулган.
Ал эми келерки жылы Чолпон айылынын ички жолдорунун эки тарабына тротуар куруу боюнча долбоор даярдалып жатат. Ага байланыштуу тиешелүү документтер Нарын облусундагы жана Теңир-Тоо өнүктүрүү фондунун алкагындагы каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен иштелүүдө.



Айыл башчысынын айтымында, келечекте Чолпон айылынын ички көчөлөрүнө да жарыктандырууларды этап-этабы менен орнотуу пландалууда. Бул иштер айылдын инфраструктурасын жакшыртып, тургундардын кечки жана түнкү убакта коопсуз жүрүүсүнө шарт түзүүгө багытталган.
Даярдагандар: Илима Жумабаева, Айтунук Таалайбекова.