«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп келет. Бул жолу Нарын жана Ысык-Көл облустарынан келген лидер айымдар Ысык-Көлдө чогулушту.Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.
Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү.
Бүгүнкү эфирде «Ажырашууга ким күнөөлү?» деген тема талкууланат.
“Кыйындын” катышуучулары: Саламат Жакыпова — Нарын облустук С. Орозбаков атындагы китепканын укуктук-экономикалык бөлүмүнүн башкы китепканачысы;
Жаңыл Абакова — Каркыра айыл өкмөтүнүн аялдар кеңешинин төрайымы;
Суюмкан Кендирбаева — Сары-Камыш айылынын аялдар кеңешинин төрайымы, бала бакчада медайым.
Модератор: Кайыргүл Урумканова.