Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кызыл Туу айылындагы Саадаш Абдылдаева атындагы жалпы билим берүү мектебине Алтынай Сапынова директор болуп дайындалды.Өткөн жумада Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиев мектептин эмгек жамааты менен жолугушуп, жаңы жетекчини жамаатка расмий тааныштырды.
Жолугушууда Марат Усеналиев Алтынай Сапыновага жооптуу кызматында ийгиликтерди каалап, мектептеги билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана билим берүү мекемесин өнүктүрүүгө ишеним артыларын белгиледи.

Өз кезегинде жаңы директор билдирилген ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, алдыдагы максаттары менен бөлүштү:
«Бул — мен үчүн чоң жоопкерчилик жана сыймык. Ачык конкурс аркылуу ар бир педагог өз күчүн сынап көрүүгө чоң мүмкүнчүлүк алды. Сокулук райондук билим берүү бөлүмүндө усулчу болуп иштеп жүргөндө топтогон тажрыйбамды эми ушул мектептин өнүгүүсүнө багыттайм. Ишенимди актоо — менин эң башкы милдетим.
Негизги максатым — окуучуларга сапаттуу билим берүү менен бирге, алардын заманбап ыкмалар аркылуу ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүү. Мектеп жамаатынын тажрыйбасына таянып, биргеликте жаңы ийгиликтерге жетебиз деп ишенем», — деди Алтынай Сапынова.

Мектептин эмгек жамааты жаңы жетекчини жылуу кабыл алып, мындан ары биргеликте иш алып барууга даяр экендиктерин билдиришти.
Белгилей кетсек, Алтынай Сапынова буга чейин Сокулук райондук билим берүү бөлүмүндө усулчу (методист) болуп иштеп, билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жана мугалимдерге усулдук көмөк көрсөтүүгө салым кошуп келген.
Ал Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан мектеп жетекчилерин тандоо боюнча өткөрүлгөн ачык конкурска катышып, жогорку упай топтогон. Конкурстун жыйынтыгында тиешелүү буйрук чыгып, ал аталган мектептин директору болуп бекитилген.
Даярдагандар: Айдай Джолчубекова, Перизат Манапбаева