Чолпон айыл өкмөтү жергиликтүү тургундарды жеткиликтүү баада көмүр менен камсыз кылуу максатында көмүр базасын уюштурду. Учурда Кара-Кеченин Беш-Сары көмүрү тоннасына 5500 сомдон сатылууда. Көмүр базасы мурда пайдаланылбай калган имаратты оңдоп-түзөөдөн кийин ачылган. Бул тууралуу көмүр сатуучу Нургазы Байзаков билдирди.
Анын айтымында, базаны уюштуруунун негизги максаты — тургундарга көмүрдү жеткиликтүү баада сунуштап, кышка даярдык көрүүсүнө көмөк көрсөтүү.

Жаңы база жергиликтүү тургундарга көмүрдү айыл өкмөтүнүн аймагынан сатып алууга шарт түзөт. Бул демилге кышкы отунду алдын ала камдоого жана үй-бүлөлүк чыгымдарды үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары, кыш мезгилине даярдык көрүүдө мештердин жана морлордун абалын текшерип, өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо маанилүү.
Даярдаган: Арууке Осмонова.