Ак-Талаа районундагы Арпа жайлоосуна алып баруучу жолду оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Максат — жайыттарга жетүүнү жеңилдетип, малчылар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү.
Жолдун айрым тилкелери атайын жол техникаларынын жардамы менен сүрдүрүлүп, тегизделип, оңдолууда. Оңдоо иштерине Баетов, Кара-Бүргөн жана Ала-Буга айыл аймактарына караштуу муниципалдык ишканалардын техникалары тартылып, тиешелүү каржылык каражаттар бөлүнгөн.
Учурда 30 чакырымга жакын жол тилкеси оңдолуп бүттү. Иштер мындан ары да улантылат.
https://youtube.com/shorts/6QFjJbk9Y-s?si=GbIUIdk013HWw7cg
Арпа жайлоосуна барчу жолдун абалын жакшыртуу жайыттарды натыйжалуу пайдаланууга, малчылардын жана жергиликтүү тургундардын каттамын жеңилдетүүгө өбөлгө түзөт.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова