21-июлда Кочкор районунун Чолпон айылындагы маданият үйүндө «Улуттук дем — Дүйнөлүк бийиктик» жана «Улуу мурас — Түбөлүк жашаган Айтматов дүйнөсү» аттуу райондук семинар өттү. Маданий иш-чара улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине жана Үркүндүн 110 жылдыгына арналды.

Айылдык клубдун башчысы Нургүл Рахманкулова билдиргендей, семинардын программасында Айтматовдун «Саманчынын жолу» чыгармасынан үзүндүлөр аткарылып, Үркүн темасына байланыштуу сценка көрсөтүлдү. Ошондой эле “Нур-Чолпон” шайыр апалар тобу өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Жыйынга Маданият үйүнүн директору, методисти, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү жана айыл тургундары катышышты.
Мындай семинарлар Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу ар бир айылда өткөрүлүүдө.

Даярдаган: Гүлира Сатарова.