Кечээ Ак-Талаа районунда КРнын Президентинин 13.05. 2026-ж. №161 жана №162 Жарлыктарына ылайык, көп балалуу энелер мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды. Тактап айтканда, жети жана андан көп баланы төрөп, аларды татыктуу тарбиялаган 11 эне «Баатыр эне» ордени менен, ал эми алты баланы төрөп, татыктуу тарбиялаган 23 эне «Эне даңкы» медалы менен сыйланышты.


Иш-чаранын жүрүшүндө район акими М. Камчыбеков энелерди куттуктап, бул сыйлыктар алардын үй-бүлөгө, коомго жана мамлекетке кошкон зор салымына берилген жогорку баа экенин белгиледи:
«Эне — үй-бүлөнүн куту, коомдун бекемдиги жана келечек муундун тарбиячысы. Сиздердин мээримиңиздер, эмгегиңиздер жана балдарыңыздарга берген тарбияңыздар терең урматка татыктуу», — деди район башчысы.

Мамлекеттик сыйлыктар көп балалуу энелердин коомдогу ордун жана алардын келечек муунду тарбиялоодогу эмгегин даңазалоого багытталган.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова.