Нарын облусунун Кочкор айылында Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин эстелигинин жанына заманбап QR-код орнотулду. Демилге жаштарга жана айылдын конокторуна тарыхый инсандын өмүр жолу жана эмгек жолу тууралуу маалыматты жеткиликтүү кылууга багытталган.

Эми эстеликке келген ар бир жаран жана мейман уюлдук телефону аркылуу QR-кодду сканерлеп, Турдакун Усубалиевдин өмүр баяны, мамлекеттик кызматтагы ишмердиги, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы жана алган мамлекеттик сыйлыктары тууралуу кеңири маалымат менен тааныша алат.

Эми эстеликке келген ар бир адам уюлдук телефон аркылуу QR-кодду сканерлеп, Турдакун Усубалиевдин өмүр баяны, мамлекеттик кызматтагы ишмердиги, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы жана алган сыйлыктары тууралуу кеңири маалымат менен тааныша алат. Маалыматтар мамлекеттик, расмий жана чет тилиндеринде киргизилген.
QR-код аркылуу берилген маалыматтар жаш муундун тарыхый инсандар тууралуу билим деңгээлин жогорулатып, аларга санариптик технологияларды тарыхый-маданий мурастарды жайылтууга пайдалануунун жакшы үлгүсү болуп саналат.
Даярдаган: Нурия Карымбаева