Бүгүн 10-май күнү Кочкор районуна караштуу Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде 9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата кичи иш чара өттү.
Иш чарага айыл өкмөтүнөн өкүлдөр катышышты
Бүгүн саат 11:00 чамаларында иш- чара башталды. Иш- чарага Чолпон айыл өкмөтү келип, анын куттуктоосу менен ачылды. Ошондой эле мектептин коллективинен да мугалимдер кыскача куттуктоолорду жана аталарыбыздын согушта көргөзгөн эрдиги тууралуу сөз кылышты. Андан соң 10-класстын окуучулары согуш учурундагы мезгилди чагылдырып, спектакль ойношту. Анын ичинен обондуу ырлар, декламациялар, көркөм окуулар жана доклад окулду.
Спектакль учурунан бир көрүнүш
Доклад окуу учуру
Жалпысынан иш- чараны Корчубек Акназаров мектебинин 10-класстар уюштурушту. Кыскача тарбия саат бүткөндөн кийин жөө жүрүш болду. Парад музыка менен коштолуп ардагерлердин сүрөтүн көтөрүшүп эскеришти. Жөө жүрүш аягына чыккандан кийин Улуу Жеңиш күнүнө арналган эстеликке гүл коюшту.
Жөө жүрүш учуру
Эстелик алдында
Аталарыбыздын согушта көргөзгөн эрдиги эскерүү
Кусейин Марат уулу