Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ара-Көл айылынын тургуну Асанкожо Кайдулатов 2022-жылдын күз айларынан бери форель балыгын өстүрүү менен алектенүүдө. Балыктар жасалма көлмөдө, толук коопсуздукта өстүрүлөт.
Балык өстүрүү менен айыл тургуну 20 жылдан бери алектенет.
«Кыргызстанда балык өстүрүү жокко эсе, балык негизинен абдан керектүү чарба»-деп баяндайт Асанкожо Кайдулатов.
Балыктар жасалма көлмөдө, толук коопсуздукта өстүрүлөт.
«Балыктарга күнүнө сааты менен кислород жана 4 маал тамак берилет. Тамагы Европа өлкөлөрүнөн кымбат баада алынат, азыркы учурда кыргызстанда да жасалууда, бирок толук кандуу боло элек. Балыктардын 100дөн ашуун дарты бар, аларга каршы витаминдер жана антибиотиктер берилет.
Балыктардын коопсуздугу үчүн тегерек чети тосулган жана ошондой эле чочун адамдарга балыкты көрүүгө уруксат берилбейт. Балык өстүрүлүп жаткан суу Ара-Көл айылынын сазынан чогулуп келет.
Балыктарды азырынча сатыкка чыгарыла элек, бирок жакынкы аралыкта экспорттоло баштайт. Балыктар азык катарында да колдонулат».
Балыктарга күнүнө сааты менен кислород жана 4 маал тамак берилет
Авас Токтонбеков