Кочкор өрөөнүндө алма өстүрүүгө климаты, топурагы дагы ыңгайлуу, бирок көп өлчөмдө алма өстүрүп жана сатуу эң төмөн пайызды түзөт. Жемиш сатуучулар алманы Көлдөн,Чүй жана Түштүк тараптан алып келип сатышат.
Кочкор айылында ар бир тургундун бакчасында алма бактарын көрсө болот. Бирок айылдын борборуна барсак алма сатуучулардын көптүгү жана алманы сатып алуучулар да аз эмес экенин байкасак болот. Жаздын акыркы айлары болсо дагы Кочкор айылында былтыркы алманын сатуусу кызуу жүрүп жатканын көрүп, сапатына жана баасына көңүл бурдук.
Кочкор айылынын тургуну Арафат Чонбоев көп жылдан бери жашылча-жемиш сатып эмгектенет азыркы учурдагы алманын сапаты жана баалары жөнүндө төмөнкүдөй маалымат алдык.
Көлдөн келчү алманын сезону аяктады, анткени алар өзүнүн ширелүүлүгүн жана сапатын жоготкон. Ошондуктан биз азыркы учурда «Польский» алмаларын сатуудабыз, сапаты мыкты, бирок баасы жогору. Бишкек шаарынан 132 сомдон алып, 140 сомдон сатып жатабыз. «Превосходный» сорттогу алмалары сатылып жатат 60-80 сомдон жогору. Ал Айдаркенден келген алмалар.
Азамат Мамбеталиев Кочкор айылынын тургуну алманын сапатын жоготпош үчүн атайын муздаткыч колдонгонун айтып берди.
Бүгүнкү күндө Бишкеке караганда биз алманы арзан сатып жатабыз. Былтыркы сезондун алмасы түгөнүп жатат, бир аз алмабыз калган ошону атайын жашылча сактоочу муздаткычта сактоодобуз.
Жыл бою алма сатып албай, өз үй-бүлөсүн алма менен камсыз кылса болот деген Кочкор айылынын тургуну Кубанычбек Балбаев кийинкиге токтолду.
Менин бакчамда 70 түп алма өсөт. Көбүнчө суука туруштук бере алган «Превосходный» сортундагы алмалар. Андан сырткары «Апорт» сорту да бар. Былтыр алма багыман бир жарым тонна түшүм алдым. Азыркы учурга чейин атайын сактоочу бөлмөдө сакталып, үй-бүлөмө, тууган, тең-туштарга жетет. Алманын түшүмүн сатпайбыз.
Ал эми Кара-Тоо айылынын тургуну Чубак Ташматов бул жазда 40 түп алма тиккенин айтып берди.
Алманын көчөттөрүн быйыл Бишкек шаарында жайгашкан «Бак-Дөөлөт» фирмасынан 4 доллардан алып тиктим. Буюрса жакшы карап баксам 3-4 жылдан кийин түшүм аламын деп турам. Андан сырткары түшүм берчү алма бактарым бар. Аларга көп жыл болуп калды, былтыр 300-400 килограмм түшүм алгам. 1 килограмм алма кышында 40-50 сом болду. 100 килограмм алманы 40 сомдон сатып 4 миң сом киреше алдым.
Замира Алтымышова Кочкор айылынын тургуну төрт баланын энеси. Жумасына балдарына 5-6 килограммга чейин алма сатып алат. Алманын пайдасы көп болгондуктан бир айда 10-12 килограмм алганына 700-800 сом кетерине капа болбойм. Кочкор айылында сатылып жаткан алманын баасы көп деле кымбат эмес деп ойлобойм. Алманын сапаты жана сорттордун түрү бары абдан кубандырат. Азыркы күндө түштүк тараптан келген «Превосходный» сорттогу алманы сатып алып жатам.
Айыл чарба министрлигинин билдүүрүсүнө караганда 2022-жылдын ( январь- сентябрь) Кыргызстан 7.370 тонна алманы 138.4 млн сомго Казакстан, Өзбекстан, Орусия мамлекеттерине экспорттогон.
Нурия Карымбаева