1-июнь «Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата» Кочкор районундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ата-энелер «Хан ордо» тойканасына майрамдык кече уюштурушту. Кечени уюштуруу демилгеси ата-энелерге таандык.
Ата-энелердин демилгеси менен «Асыл балдар» фонду негизделген. Фонд ата-энелердин башын бириктирип, балдарга колдоо көрсөтүп келет. Ата-энелерден сырткары майрамга кайрымдуулук уюмдарынын өкүлдөрү, жеке ишкерлер катышып бөбөктөргө белектерин тапшырышты. Андан сырткары маданият кызматкерлери да катышып, ырларын аткарып беришти.

Алтынай Казиева-Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окутуучусу, демөөрчү
Бүгүнкү иш-чарага демөөрчүлүк кылган айым Алтынай Казиева төмөнкүлөргө токтолду:
«Мен-Алтынай Казиева. Кочкор районунун Семиз-Бел айылында туулуп өскөм. Учурда Бишкек шаарында жашайм. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окутуучу болуп эмгектенем. Бүгүнкү балдардын майрамында аларды куттуктап, чакан белегимди тапшыруу үчүн келдим. Андан тышкары ата-энелер түзгөн «Асыл балдар» фондун каттоодон өткөрүп, мыйзамдаштырууга жардам берүү максатым бар. Себеби фонд каттодон өтсө аларга чоң мүмкүнчүлүктөр жаралат. Мисалы, дарыланга, операция жасаганга жана балдарды окутууда жеңилдиктер көп болот. Чет өлкөлүк уюмдар менен тыгыз иштешүүгө да жол ачылат. Келечекте ооруканалар менен келишим түзүп балдардын ден-соолугуна кам көрүү планыбыз бар. Ошондой эле бул фондко сайт ачып беребиз».

Кубан Касымов-ата-эне
Ата-энелердин атынан Кочкор айылынын тургуну Кубан Касымов уюштуруучуларга жана демөөрчүлөргө ыраазычылыгын мындайча билдирди:
«Балам Рыскелди Акылбеков, алты жарым жашта. Тубаса ДЦП оорусу менен жабыркайт. Өзүмдүн жана жалпы ата-энелердин атынан балдарыбызга майрамдык маанай тартуулап жаткан уюштуруучуларга жана кайрымдуулук кылган бардык жарандарга терең ыраазычылык билдирем. Өздөрүнө ден-соолук, иштерине ийгилик каалайм. Эч кимдин баласы оорубасын. Ата-энелерге да рахмат».
Майрамдык кеченин жүрүшү тууралуу төмөнкү сүрөттөр аркылуу тааныша аласыздар.

Жеке ишкер Ормон Нурбек уулу жаш жеткинчектерге таттуу белектерин берип, каалоо-тилектерин айтты

Таттуу белектерди алган балдардын кубанычында чек жок

«Датка айымдар жамааты» кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү

«Датка айымдар жамааты» фондусунун атынан жылуу жууркандарды алышты

«Аль-Ихлас Кочкор Кайрымдуулук» коомдук бирикмесинин төрагасы Эстен Тойтоев бирикменин атынан ата-энелерге ыраазычылык кат жана чакан белектерин тапшырды

Уюштуруу иштеринде активдүүлүгүн көрсөткөндүгү үчүн ата-эне Махабат Кемелбековага ыраазычылык кат тапшырылды

Ини-карындаштарын Нургазы ыр менен куттуктады

Майрамдык кечеге чоң аталар да катышты

«Үмүт» кайрымдуулук фондунун атынан балдарга бут кийимдер тапшырылды

Тыныгууда балдар апалары менен чогуу бийлеп маанайларын көтөрүштү

Кеченин соңунда ата-энелер, балдар жана меймандар эстеликке сүрөткө түшүштү
Баланы чоңойтуп өстүрүү, ага тарбия берүү көп түйшүктү жана эмгекти талап кылат. Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелген жана ДЦП оорусу менен жабыркаган балдарды багуу эки эсе түйшүктү талап кылат. Балдардын бардык түйшүгүнө чыдап, тарбия берип жаткан ата-энелерге ден-соолук, иштерине ийгилик каалайбыз.
Бакыт Кожокматов