Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин 2018-2019-жылынын бүтүрүүчүсү Мединай Талантбекова азыркы учурда Туркия мамлекетинин Караман шаарындагы Караманоглу Мехмедбей университетинде окуп жаткан учуру. Анын чет өлкөдө билим алуусуна ата-энеси себеп болгон.
Мендинай Таланбекова мектепте ЖРТдан 168 упай алган. Бала кезинен мугалим болууну самап, борбордогу жогорку окуу жайлардын бирине тапшырган. Бирок окуу башталганга чейин башка окуу жайларга эки ирээт кошумча экзамен тапшырганын айтат:
«Мен мугалим болгум келчү жана бул кыял менен окуу жайларды караштырып К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин педагогика факультетине жана ушул эле окуу жайдын эл аралык мамилелер факультетине тапшырдым. Экөөнүн тең жыйынтыгы жакшы чыкты, бирок бирөөсүн гана тандашым керек болчу. Ойлонуп, педагогика факультетин тандадым. Эртеси Кыргыз түрк Манас университетинин сынагы башталды. Ага да катышып, тести тапшырып чыгып келе жатып бир кулактандыруу көрүп калдым. Кулактандырууда Туркиядагы жогорку окуу жайга сынак бар эле, эртеси күнү ага дагы тапшырып көрөйүн дедим. Экзаменге киргенде бир аз кыйын эле өтпөй каламбы деген корку болду. 15 күн күткөндөн кийин анын жыйынтыгы келип мен жакшы балл алып өтүп кеттим. Кубанычымда чек жок эле, эртеси күнү документтеримди алып Түркия мамлекетинде окууну туура көрдүм. Чет өлкөгө окушума үй-бүлөм абдан колдоо көрсөттү. Атамдар дайыма чет өлкөдөн билим алууга аракет кыл деп айтышчу.»
Мединай Талантбекова Туркия окууга тапшырган мезгилде түрк тилин билчү эмес. Ал үч айдын ичинде түркчө толук сүйлөп чыгууга жетишкен.
«Башында түрк тилин билбей абдан кыйналдым, документтерди бүтүрүү абдан кыйынчылык жаратты, ал кезде 17 жашта элем корку сезими да болду. Ошол кезде өзүмө сөз бердим түрк тилин үч айда үйрөнөм деп азыр турк тилин эң сонун билем»,- деди ал.
Мектеп окуучуларына Мединай татыктуу билим алуу үчүн изденүү керектигин баса белгилейт. Окуучуларга Туркияда билим алуу үчүн атайын программага катышууну сунуш кылат:
«Биздин эң негизги көйгөйүбүз бир нерсе кабарсыз калуу экен. Эгер чет өлкөгө чыккыңыздар келсе, изденүү изденүү жана изденүү дейт элем. Окуучуларга бере турчу кеңешим, эгер Түркияда бекер билим алгыңыз келсе, бул жакта окуу кыялдарыңыздар болсо сөзсүз түрдө Түркия Бурслары программасына тапшырыңыздар. Менин убагында бул программаны бар экенин билбей калдым тапшыруу мүмкүнчүлүгүм болбой калды, сиздерден суранаарым мен жасаган катаны кайталабаныздар, сөзсүз түрдө издениңиздер!!!»
Азыркы тапта Мединай Түркия мамлекетинин Караман шаарындагы Караманоглу Мехметбей университетинин тамак-аш инженериясы факультетинин 3-курсун аяктап жатат. Ал келечекте билимине билим кошуп, экинчи диплом алууну максат кылып келет.
«Мен бул окуу жай менен эле чектелип калбастан дагы бир университетте окусам деген ниетим бар. Келечекте Кыргызстанга фабрика ачып өзүбүздүн азык-түлүктөрүбүздү чыгарып, Мекениме салымымды кошом деп кыялданам.»
Мекендешибиз айткандай алдыга туура максат коюу, талыкпай билим алуу адамды ийгиликке жетелейт. Окуучулардын ар бир мүнөттү текке кетирбей билим алуусу максатка карай кадам таштоосу болуп саналат.
Баяна Кадырбекова