Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебине №94 кесиптик лицейинин тарбия иштеринин уюштуруучусу окуучуларга туура кесип тандоо үчүн багыт берип, ошону менен биргеликте лицей тууралуу мектеп окуучуларына кененирээк маалымат берди.
Бишкек шаарынын №94 кесиптик лицейинин тарбия иштеринин уюштуруучусу Асел Адиева:
«Менин Корчубек Акназаров орто мектебине келүүмдүн себеби, бүтүрүүчүлөр келечекте кандай кесипти тандашы керек, тандаганда дагы кантип жаңылбай туура тандоо керектиги боюнча багыт берүү. Өзүмдүн багытым тууралуу айта кетсем. Биз 1964-жылдан бери өлкөгө жумушчу кесиптерди даярдап келебиз жана бул лицей мамлекет тарабынан каржыланат.
Негизги максатыбыз жумушчу кадрларды даярдоо. Американын президенти Джо Байден айткандай, кайсы өлкө ишкерлик менен көп алектенсе, ал өлкө сөзсүз түрдө гүлдөп-өсөт. Эгерде мамлекетибизде завод-фабрикалар, жеке бизнес ишканалары көп болсо, элибиздин жашоо-турмушу жакшырат деген ишеничтемин. Азыркы учурда чач тарачтын жалпы бардык тармагын, бычып тигүүнү, турмуш-тиричилик буюмдарын оңдоону үйрөтөбүз. Бул кесиптер бүгүнкү күндө өлкөбүзгө, чет мамлекеттерге да өтө керек.
Биздин дипломдор мамлекеттик үлгүдө болгондуктан, окууну бүткөн соң чет өлкөгө чыгуу үчүн жарамдуу болуп эсептелинет. Ал эми региондордон барган балдар үчүн атайын жатакана иштейт. Жатакана акысыз жана бардык шарттары бар. Лицейге 11-класстын бүтүрүүчүлөрү, ОРТдан өтпөй калгандар келип тапшырса болот. Сиздер үчүн биздин эшик ар дайым ачык. Ошону менен биргеликте жалпы эле келечек ээлерине өз кеңешимди айтмакчымын. Азыркы турмушта адам баласы үчүн бир эле кесип жетиштүү эмес. Үч адистик алсаңыздар, ата-энесин жана өзүн каржылап, камсыздай ала турган тың улан-кыздардан болосуздар деп айтаар элем.
Алдыда билим алган мектебиңердин, Кыргызстандын атын чыгарган, гуманисттик тарбиясы бар, элге карамдуу жаштардан болуп тарбияланышыңарга тилектешмин».
Акылай Болотбекова