Бишкекте «Заманбап ата-энелердин заманбап балдары»- аталышындагы ата энелер үчүн форум болду. Бул 2 жарым ай мурун башталган “Эне балага канат” — коомунун иш-чараларынын бири. Аталган коом балдарды жаш кезинен физикалык, менталдык жана эмоционадык жактан саламат чоңоюшуна жана өнүгүүсүнө багытталган.
«Эне балага канат» коомун балдарды эрте куракта өнүктүрүү боюнча эсперт Сапаргүл Абдинабиева жана Бегимай Алтыбаева жеке демилге катары түптөп иштеп жатышат. Буга чейин «Бала менен китеп окуйбуз!» -аттуу ата-энелер менен жолугушуу кечесин, «Чырпыктан чынарга» аталышындагы форум жана башка ата-энелер үчүн онлайн окутууларды уюштуруп келишет. 2-ирет өтүп жаткан форумда актуалдуу темалар коюлган.
— «Жаны замандын ата-энеге койгон талаптары. Баланын калыптанышындагы эски жана жаны ыкмалар»
— Интернет тарбиялаган заманбап балдар. Бала менен гаджеттин бакубат мамилесин түзүү.
— Тамактанууда маркетингдин курманы болгон заманбап балдар. Мифтер жана чындыктар.
— «Z» муунундагы балдар менен баарлашуунун 7 негизги эрежеси же ата-энелер үчүн эскертүүлөр.
— Заманбап илимдеги маалыматтарды тажрыйбада колдонуу. Эненин билимдүү болуусунун мааниси.
Форумга келген ата-энелер пайдалуу маалыматтарды алышканын айтып, мындан ары дагы ушундай өңүттөгү иш-чаралар болуп туруусун каалгандарын айтышты. Катышуучулар спикерерге суроо узатып жооп дагы ала алышты. Жаш апалар баланы өстүрүүдө билген ыкмаларын колдонууга кээ бир учурларда мүмкүн болбой жакындардын таасир астында калышарын айтат. Форумга учурдагы ата-эне боло электер дагы келишкен. Алардын бири 4-курстун студентти Аида Абдирасулова. Ал форумда пайдалуу маалыматтар менен катар бала тарбиясындагы көйгөйлөрдүн көп экенин көрдү:
«Форумга келген максатым болочоктогу балдарыма кантип татыктуу апа болуу. Бул жерге келген апаларды көруп алар өз тажрыйбаларынан кетирип жаткан кемчиликтери менен бөлүшкөнү мага чоң мотивация берди. Келечекте андай кемчиликтерди азыраак кетирууну каалайм. Баланы өстүрүп жатканда багындырып урушуп тарбиялоо эмес, алардын талантын ачуу экенин түшүндүм. Мен үчүн дагы башка апалар айтып жаткандай эле өтө пайдалуу болду.”
Балдарды эрте куракта өнүктүрүү боюнча эсперт Сапаргүл Абдинабиева «Эне балага канат» коомун иш-чаралырын бири болгон форум ата-энелер менен көзмө көз жолугуунун максаты буга чейин чыгып жаткан ата-энелер үчүн пайдалуу тиркемлер анча жакшы тарап, колдонууга берилбей жатканынан дагы да аларга жакындоо максатын көздөйт. Дагы деле ата-энелер үчүн баланы туура өстүрүү боюнча маалыматтар жетишсиз:
“Биз мурдагы өзүбүздүн бала кез менен азыркы балдарды салыштырууда эске алчу жагдайлар көп. Биз бир гана реалдуулукта жашаган болсо азыркы балдар бир эле учурда виртуалдуу жашоодо бир канча реалдуулукта андан сырткары сырткы дүйнөдө миндеген достору бар. Мунун барын биз кантип көзөмөлдөйбүз. Жашоодо гаджеттердин айынан баласы менен мамилеси бузулган же болбосо эмне кыларын билбеген ден соолуктарын жоготкон үй-бүлөлөрдү көрүп туруп дасыккан адистерден керектүү маалыматтары алып берели деп жүрөбүз.”
«Эне балага канат» коомун негиздегендер бул иш-чараларды негизги жумушунан сырткары алып барышат. Бегимай Алтыбаева «Заманбап ата-энелердин заманбап балдары»-форумуна дайымкыдай эле басымдуу бөлүгүн 97% энелер андан тышкары аталар, чон ата жана чон энелер келишкенин билдирди. Алар балдарды кантип туура багыт берип, колдоп коштоп өнүгүүсүнө салым кошолу дегендер:
“Биз Сапаргүл эже экөөбүз тең буга чейин көп жылдардан бери ар кандай эл аралык уюмдарда бул тармакта иштеп келебиз. Бул эне бала, ден-соолугу, үй-бүлөнүн туура тамактануусу айтор ар тараптуу балдардын бакубат чоңоюсуна багытталган. Биз андан эмнени байкадык көп кылган иштер орус тилдүү катмарга гана жетип кыргыз тилинде маалыматтар жокко эсе. Бишкекте эле 11ден ашык энелерди колдогон, шыктандырган, аларга маалымат берген, жолугушууларды өткөргөн клубтар бар. Ал эми кыргыз тилдүү ата-энелер клубдары аз. Ошондуктан биз муну жасашыбыз керек дедик. Иш-чараларды баштаганда эле суроо талапты көрүп буга дагы бир жолу ынандык.”
«Эне балага канат» коому май айынан тарта аймактардагы ата-энелер менен жолугушууларды уюштуруп баштайт. Аны Баткен облусунан баштоону пландап жатышат. Андан сырткары онлайн курстарды видео форматында даярдоо үстүндө иш алып барышмакчы.
Айгерим Кубатбекова