Дүйнө жүзүндө гана эмес, Кыргызстанда да АИВ, кургак учук сыяктуу эле гепатит илдети да коркунучтуу деп саналат. Аймактарда бул ооруга каршы эмдөөдөн өткөрүү медайымдардын милдети болууда. Нарын районуна караштуу Оттук айылында адамдар гепатит оорусунун В түрүнө каршы эмдөөдөн өтүп жатышат.
Назгүл Эгембаева
Оттук айылынын ҮДТ медайымы Назгүл Эгембаева төмөнкүлөргө токтолду:
» Гепатит бул боор оорусу. Гепатиттин А,В,С,Д,Е деген түрлөрү бар. Азыр жергиликтүү калк В түрүнө каршы эмдөөдөн экиден жолу өтүп жатышат.Биринчи эмдөөдөн өткөндөн кийин 6 айдан соң эмделет. Гепатиттин жугуу жолдору бул А түрү жашылча жемиштердин жуулбай колдонулганы, кичинекей балдар оюнчуктарын жуубай колдонгондугу үчүн жугат. Бул көбүнчө балдарда кездеше турчу оору. Бирок бул айыгышы толук ыктымал. Ал эми В,С,Д,Е түрлөрү жыныстык катнаш, ийне сайуу, медициналык куралдар аркылуу жугат. Ошондуктан алдын ала эмдөөдөн өтүшсө 15 жылга чейин кепилдик бар.»
Элмира Ырысмамбетова текшерилип жаткан учур
Оттук айылынын тургуну Элмира Ырысмамбетова калкты эмдөөдөн өтүүгө чакырат:
«Мен бул вакцинаны алдын ала оорудан оолак болуу үчүн жана үй бүлөмдүн коопсуздугу үчүн алдым. Вакцинаны алган соң бир аптадай жуунбай туруу зарыл экен. Ийне сайылган соң адам кадимкидей шалдырап, ээси ооп, уйкусу келет экен. Бирок бул эмдөө жакшы болгондуктан менин кеңешим коркпой эле эмдөөдөн өтүңүздөр. Ар бирибиз өз ден соолугубуз үчүн кам көрөлү».
Гепатит оорусунун белгилери катары шалдыроо, көп уктоо, алсыз болуу дейт медайым. Анын алдын алуу үчүн адам сөзсүз эмдөөдөн өтүүсү керек.
«Бул оорунун белгилери алгач шалдырайт, уйкусу келет алсыздык болот. Оорудан оолак болуу үчүн эң негизгиси эмдөө жакшы. Ар бир адам эмдөөдөн өтсө жана гигиенаны толук сактаса сөзсүз жакшы жыйынтык болот. Айылдык ФАПта статистика боюнча гепатиттин С түрү менен алты адам катталган. Адам убагында эмделсе бул биз үчүн дагы жалпы калк үчүн да эң жакшы иш»,- дейт медайым Назгүл Эгембаева.
Гулнара Кенжеш кызы