«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп келет. Бул жолу Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан келген лидер айымдар борбор калаада чогулушту. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар. Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.

Screenshot
Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Бүгүнкү эфирде «Кесип тандоодо ата-энелик жана коомдук басымдын ролу» деген тема талкууланат.
“Кыйындын” катышуучулары:
Сайибжамал Жолдошова — жергиликтүү кеңештин депутаты, “Баглан” жалпы орто билим берүү мектебинин директору;
Миргүл Кочконова — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Үч-Коргон айылдык кеңешинин депутаты;
Жылдыз Ирматова — техника илимдеринин кандидаты, доцент. Ош технологиялык университетинин “айыл-чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы” кафедрасынын башчысы.