Токтогул районунун тургундары, активисттери жана чет өлкөлөрдө жашаган мекендештери алдыдагы Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү иштерине жигердүү катышууда. Райондун атынан көрсөтүлө турган боз үйдү жасалгалоо үчүн каражат чогултуу иштери уланууда.

Бул демилгенин башаты 2025-жылы өткөн Токтогул райондук Аялдар кеңешинин «Аалам көркү аялзат – үй-бүлөнүн очогу» аттуу форумунда түптөлгөн. Анда Анаркан Осмонкулова райондук Аялдар кеңешине боз үйдүн жыгачын белекке тапшырган.
Андан кийин атайын комиссия түзүлүп, боз үйдү даярдоо иштери башталган. Жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жана тургундардын колдоосу менен бүгүнкү күнгө чейин 200 миң сом чогултулуп, ууз чеберлер тарабынан боз үйдүн ички жана сырткы жасалгалары даярдалууда.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, учурда боз үйдүн жасалгалоо иштерин толук бүтүрүү үчүн дагы 250 миң сом каражат талап кылынууда.
Райондук Аялдар кеңешинин төрайымы Чынара Суракматованын расмий кайрылуусунун негизинде акчалай жардам чогултуу уланууда. Демилгечилер ар бир жаранды улуттук маданиятты даңазалоого жана Токтогул районунун намысын эл аралык деңгээлде көрсөтүүгө салым кошууга чакырышат.

Уюштуруучулардын айтымында, ар бир көрсөтүлгөн жардам Токтогул районунун Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарындагы өкүлчүлүгүн чыңдоого жана кыргыз элинин бай маданий мурасын таанытууга багытталат.

💳 МБАНК РЕКВИЗИТТЕРИ:📱 Номер: 0704466960
Даярдаган: Азема Сабырбекова