Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Абшыр-Ата айылында «Биримдик кербени» аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким, Ош облусунан келген бийлик өкүлдөрү, айыл өкмөт башчы ошондой эле өлкөнүн башка аймактарынан келген расмий өкүлдөр жана коноктор катышты. Маданий программа менен коштолгон иш-чарада улуттук каада-салттарды чагылдырган өнөрлөр көрсөтүлүп, келген конокторго жагымдуу маанай тартууланды.




Иш чара учурунда
Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Абсатар Эшимбаевдин айтымында, мындай иш-чаралар элдин ынтымагын бекемдеп, аймактар ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт:
«Салтанаттын негизги максаты коомдогу ынтымакты жана биримдикти бекемдөө, аймактар аралык кызматташууну өнүктүрүү болуп саналат. Анын алкагында катышуучулар достук мамилелерди чыңдоо, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча пикир алышты.» — деп билдирди. 



Иш чаранын катышуучулары

Иш чара жыйынтыкталган учур
Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева