Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебаев Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу Терек-Суу айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Жолугушууда Тилек Текбаев Жалал-Абад облусунан келген мекеме жетекчилерин бирден тааныштырып өттү. Ар бир мекеме жетекчи жергиликтүү тургундардын суроолорун угуп аларга тийиштүү жоопторун берүүгө даяр экенине токтолду.

Жыйында Токтогул районунун акими Урматбек Самаев 2025-жылы аткарылган иштер жана алдыдагы пландар менен кеңири тааныштырды. Жергиликтүү тургундар өздөрүнүн суроолорун түз берип, жазып келген расмий каттарын тиешелүү өкүлдөргө тапшырышты.

Калкты түйшөлткөн негизги маселелер:Таза суу жана сугат суу болду. Аймактагы эң башкы көйгөй катары белгиленип, чечилери убадаланды. Ички жолдордун абалы жана жайытка барчу жолдордун катаалдыгы айтылды. Дарыгерлердин жетишсиздиги, мектеп, бала бакча, музейлерди капиталдык ремонттоо жана ФАПтарды куруу маселеси көтөрүлдү. Жергиликтүү тургундардын суроолоруна айыл өкмөт башчысы Болот Багымбаев жооп берип жатты.

Там салууга жердин тартыштыгы, документ алуу жана муниципалдык жерлерди ижарага берүү маселелери талкууланды. Өзгөчө жаштардын иш менен камсыз болушу негизги маселелердин бири катары аталды. Жалпысынан жыйында 89 жаран тарабынан 145 маселе көтөрүлдү. Ар бир кайрылуу боюнча мекеме жетекчилеринен ыкчам жооптор жана консультациялар берилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында облус башчысы Тилек Текебаев бардык көтөрүлгөн маселелерди мыйзам чегинде чечүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берип, ар бир кайрылуу жеке көзөмөлүнө алынарын баса белгиледи.
Даярдаган: Азема Сабырбекова