А.Сопиев атындагы №19 Тасма жалпы орто билим берүү мектебинин 3-классынын окуучусу Турдуматова Тинатин Нурбековна Москва шаарында өткөн «Расскажи миру о своей Родине» — аттуу эл аралык сынакта жеңүүчү аталып, Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп келди.

Сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи 2026-жылдын 6-июнунда Россия Федерациясынын Москва шаарында өткөрүлүп, Тинатин атайын чакыруу менен катышып, эл аралык деңгээлдеги сыйлыгына ээ болду.
Тинатин сынакка даярдаган видеоролигин: «Я из Кыргызстана. Сегодня я расскажу о моём родном городе Каракол» деген сөздөр менен баштап, Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарынын тарыхы, маданияты жана кооз жерлери тууралуу кеңири баяндап берген. Ошондой эле ал кыргыз элинин мурасы болгон боз үйлөрдү, Каракол шаары жайгашкан берметтүү Ысык-Көлдү жана кыргыз элинин бай маданиятын дүйнө элине таанытууга өзгөчө көңүл бурган.

Видеодо Каракол шаарындагы тарыхый жана маданий жайлар, анын ичинде өзгөчө архитектуралык эстелик болгон Дунган мечити, шаардагы музейлер, белгилүү саякатчы жана окумуштуу Николай Пржевальскийдин эстелиги тууралуу маалыматтар камтылган. Мындан тышкары Ысык-Көлдүн кооздугу, кыргыз элинин улуттук баалуулуктары жана көп улуттуу элдин ынтымагы да чагылдырылган. Каракол шаарында кыргыз, орус, өзбек, уйгур, дунган жана башка улуттардын өкүлдөрү достукта жана ынтымакта жашап жаткандыгы көрсөтүлгөн.
Тинатиндин мазмундуу, таасирдүү жана мекенчилдик сезимди чагылдырган видеосу калыстар тобу тарабынан жогору бааланып, эл аралык сынактын жеңүүчүлөрүнүн катарына кирди.

Бул ийгиликтин артында анын апасы — А.Сопиев атындагы №19 Тасма жалпы орто билим берүү мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Шалтабаева Кундуз Турдалиевнанын эмгеги чоң. Ал кызынын чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүп, сынакка даярдоодо чоң колдоо көрсөтүп, мекенин сүйүүгө жана дүйнөгө таанытууга багыт берип келген.
Тинатиндин жеңиши — анын жеке жетишкендиги гана эмес, жаш муундардын билимге, чыгармачылыкка жана мекенчилдикке болгон умтулуусунун жаркын үлгүсү. Бул ийгилик мектеп жамааты үчүн да чоң сыймык болуп саналат.
Жеңүүчү менен маек
— Тинатин, эл аралык сынакта жеңүүчү болгонуңду укканда кандай сезимде болдуң?
— Жыйынтык чыкканда абдан кубандым. Башында ишене албай да калдым. Москвага барып сыйлык алам деген ой мен үчүн чоң кыял болчу. Ошол кыялым ишке ашканына аябай сүйүндүм.
— Эмне үчүн Каракол шаары тууралуу айтып берүүнү чечтиң?
— Каракол абдан кооз жана тарыхы бай шаар. Ал жерде көптөгөн кызыктуу жайлар бар. Башка өлкөлөрдөгү адамдарга ошол шаар тууралуу айтып бергим келди. Ошондой эле кыргыз элинин мурасы болгон боз үйлөрдү жана Каракол жайгашкан берметтүү Ысык-Көлдү дүйнө элине тааныткым келди.
— Видеоңдо эмнелерге көбүрөөк көңүл бурдуң?
— Мен Дунган мечити, музейлер, Пржевальскийдин эстелиги жана Каракол шаарындагы көп улуттуу элдин ынтымагы тууралуу айтып бердим. Ошондой эле Ысык-Көлдүн кооздугун, кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын жана боз үй сыяктуу маданий мурастарын көрсөтүүгө аракет кылдым.
— Сынакка даярдануу кандай өттү?
— Видеонун текстин бир нече жолу окуп, туура сүйлөгөнгө аракет кылдым. Маалыматтарды изилдеп, ар бир жер тууралуу көбүрөөк билүүгө кызыктым.
— Москвадагы сыйлык тапшыруу аземи кандай таасир калтырды?
— Абдан сонун болду. Ар кайсы мамлекеттерден келген балдарды көрдүм. Сахнага чыгып сыйлык алуу мен үчүн унутулгус окуя болду.
— Бул ийгилигиң үчүн кимдерге ыраазычылык билдиресиң?
— Ата-энеме, айрыкча апама, ошондой эле мени колдогон мугалимдериме жана жакындарыма чоң рахмат айтам.
— Келечекте кандай максаттарың бар?
— Жакшы окуп, дагы көп сынактарга катышып, Кыргызстандын атын дүйнөгө тааныткым келет.
— Досторуңа кандай кеңеш берет элең?
— Өз күчүңөргө ишенгиле, көп окугула жана максаттарыңардан баш тартпагыла. Эмгек кылсаңар сөзсүз жыйынтыгы болот.
Турдуматова Тинатиндин жеңиши — таланты, талыкпаган эмгеги жана мекенге болгон сүйүүсү чоң ийгиликтерге жол ачарын далилдеген сыймыктуу жетишкендик. Анын ийгилиги башка окуучулар үчүн да шыктануунун жана жаңы жеңиштерге умтулуунун үлгүсү болуп калары шексиз.
Даярдаган :Гүлбара Жеңиш кызы