«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп келет. Бул жолу Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан келген лидер айымдар борбор калаада чогулушту. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар. Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.

Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү.
Бүгүнкү эфирде «Мугалимдин кадыры — коомдун деңгээли» деген тема талкууланат.
“Кыйындын” катышуучулары:
Кутманай Курванали кызы — Ош билим институтунун методисти, “Жаш мугалимдерди колдоо” долбоорунун негиздөөчүсү;
Гульзат Сатибекова — Аскы районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты, соцпедагог;
Гүлбарчын Акматова — Ноокат районунун Кара-Таш айылдык кеңешинин депутаты, мугалим.