Бала тарбиясына тиешелүү эң маанилүү маселе-улуулардын өзүн тарбиялоосу кенен түшүндүрүлдү. Бала тарбиясына тиешелүү туура көз караш калыптандырып, бала тарбиясындагы ата-эне, ага-ини, эже-сиңди, устат жана коомдун таасирин тереңирээк түшүнүүгө жардамдашат. Бул сөздү Казакстандын белгилүү ойчулу Елжас Ертай уулу айткан.
“Жараткан эч бир баланы жаман болсун деп жаратпайт. Аны жаман кыла турган баланын жан дүйнөсүн түшүнбөгөн ата-эне, күчтөп берилген пайдасыз билим жана жаман коом”.
“Бала 10-12 жашка толгонго чейин эне менен баланын ортосуна эч ким түшпөөсү керек. Же баланы энесинен алып коюу же энесинен алыска жиберүү жакшы эмес.”
“Улуулары тарбиялуу болбогон коомдо балдардын тарбиялуу болушу мүмкүн эмес.”
Бала тарбиясында эң маанилүү адам- энеси,а эң көп таасир эткен адам-атасы. “Эгер балдарыбызга “сен проблемасың” деген кабарды көп айта турган болсок, балдарыбызды өзүбүздөн алыстатабыз. Баланы өзүнүн жеке ааламында жалгызсыратабыз.”
“Биздин балдарыбыздын өзүнө таандык жашоосу бар экенин кабыл албообуздун башкы себептеринин бири- биз ийгиликке жетүү менен бактылуу болуу деген түшүнүктөрдү чаташтырабыз.”
“Балдарга көп үйрөтөм деп, ашыгып чала -чарпыт үйрөтүүнүн ордуна аз болсо да, аныктап жакшы үйрөтүү абзел.”
“Адамдын жакшы болуусу тегинде эмес, тарбиясында, акылында, өнөр билиминде. Адамга үч улуу адамдан мүнөз жугат: ата-энеден, устатынан.досунан. Айрыкча,алардын кайсынысын жакшы көрсө, ошодон көбүрөөк жугат”.
“Ийгиликке жетүү менен бактылуу болуу -эки бөлөк түшүнүк.”
“Эгер бала ачуулуу болсо, анда алгач ата-энесин дарылоо керек.”
Елжас Ертай уулунун китебинен алынды.
Албина Бейшеналиева