Физикалык активдүүлүк, анын ичинде жаш куракты жана физиологиялык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен атайын физикалык көнүүгүлөрдү аткаруу организмге энергетикалык ресурстардын келишин жана чыгымдалышын тең салмактоого жардам берет.
Жүрөк-кан тамыр системасынын машыгуусун, стресске туруктуулугун жогорулатат. Маанайды жакшыртат жана кант диабети, остеопороз, залалдуу шишиктер, семирүү сыяктуу оорулардын өнүгүүсүнө тоскоол болот.
Физикалык активдүү болуу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин айрым кеңештерин колдонуңуз.
Күн сайын
— Тепкич менен чыгуу жана түшүү (лифт пайдаланбоо )
— Күнү бою көбүрөөк басуу
— үй иштерин жасоо
— Ит менен сейилдөө
— Жумасына 3-5 жолу
Аэробикалык көнүгүүлөр:
-Чуркоо
-Тез-тезден кадам таштап басуу
Жумасына 2-3 жолу
-Күчтүү жана ийилчээк болуш үчүн
көнүгүүлөр
— Бакчада иштөө бий чоюлуу, йога
30 мүнөттөн ашык отурууну кыскартуу:
— Сыналгы көрүү
-Видео жана компьютердик оюндар
— Столдо ойнолуучу оюндар
Албина Бейшеналиева