Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын «Бүчүр-Таалай» бала бакчасы айылыбыздын алгачкы бала бакчаларынын бири болуп саналат. Азыркы учурда 75 бала тарбияланууда.
Таалайкүл Садыбакасова
Чолпон айылынын «Бүчүр-Таалай» бала-бакчасында 1988-жылдан бери бала бакчанын тарбиячысы, андан соң башчысы болуп эмгектенген Таалайкүл Садыбакасова төмөнкүлөргө токтолду:
«Өзүм жөнүндө айтсам, мен бул бала бакчага алгач 1988-жылы тарбиячы болуп кирген элем. Андан кийин 1993-жылдан баштап бала бакча башчысы болуп дайындалып, быйылкы жылга чейин 30 жылдай иштедим. Иштеп жаткан учурда көптөгөн жакшы иштерди жасап жаттым. Ал эми азыркы учурда мен тарбиячы болуп алектенем. Чолпон айылындагы «Бүчүр-Таалай» бала-бакчасы 1964-жылы салыныптыр. Ушул айылдын аксакалдары дагы курулушун 1964-жылы келип, орустар салган деп айтып жүрүшөт. Ошол жылдан баштап эле бала бакча үзгүлтүксүз иштеп келе жатат. 1992-жылы айылда колхоз- совхоздор дыйкан чарбасына тараган учурда 1-2 жыл тамак-аштар жана кызматкерлердин кызмат акылары каржыланбай калган. Бирок айлык маяна албасак дагы бала бакчанын талкаланып кетпеши үчүн балдарды алып 4-5өөбуз иштеп калганбыз.
Жаңы ачылганда 25 бала менен ачылып, кийин 75 бала болгон. Айыл совхоз дыйкан чарбага тараган мезгилде кайрадан 25 бала болуп азайып калган. Азыркы учурда болсо 75 бала тарбияланып жатат. Андан кийин биздин айылда дагы бир канча өнүгүүлөр боло баштады. Тамак-ашы айыл өкмөтү тарабынан каржылана баштап, биз дагы өз ишибизди уланта баштадык. 2002-жылдары бала бакча эскирип, начар абалга түшүп калган. Ошол учурда айылга «ПРООН» программасы боюнча волонтёрлор келип, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп кетишти. Андан соң 2008-2009-жылдары «АБР» проектиси менен бала бакча китептер, оюнчуктар менен камсыз болгон. Андан кийин акырындык менен 2015-жылы Стим гранд менен 2 миллион 700миң сомго капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Ушул убактан бери дагы да оңдоп-түзөө иштери кичинеден улантылып, тамак-аштар, кызматкерлердин кызмат акысы убагында берилүүдө. Бүгүнкү күндө бала бакча толук кандуу иштеп жатат».
Балдарга убагында тамагы берилет
Азыркы учурдагы бала бакча башчысы Назира Жусупованын айтымында «Бүчүр-Таалай» бала бакчасында бүгүнкү күндө 75 бала тарбияланып, 6 тарбиячы иштейт. Жалпы 21 кызматкер эмгектенүүдө.
Бала бакчанын алдындагы бакча
«Бүчүр-Таалай» бала бакчасы
Ойноо аянтчасы
Эс алуучу же балдарга сабак өтүүгө арналган тапчан
Кире бериши
Баардык эмеректер жаңыртылган
Уктоочу жайдын да эмеректери жаңы
Учурда балдар уктап жатат
Түшкү тамактануу учуру
Кийимдерин илүү үчүн атайын эмеректер
Акылай Болотбекова