Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр жалпы билим берүү орто мектебинин сыртын жаңылоо иштери жүрүп жатат.

Маалыматка ылайык, 1984-жылы курулган мектептин имараты ушул убакка чейин сырткы көрүнүшү боюнча капиталдык оңдоодон өтө элек болчу. Убакыттын өтүшү менен имараттын сырткы дубалдары эскирип, айрым жерлериндеги шыбактар түшүп, кирпичтери көрүнүп калган.
Бул көйгөйдү чечүү максатында жергиликтүү жана облустук бюджеттен жалпы 6 миллион 745 миң 262 сом каражат бөлүнүп, оңдоо иштери башталган.
Оңдоо иштерин болжол менен 90 күндүн ичинде бүтүрүү пландалууда.
Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна