Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылындагы Өмүр Токтосунов атындагы жалпы билим берүү мектебинин аймагын жашылдандыруу долбоору ишке ашырылды. Долбоор MSDSP KG коомдук фондунун каржылык колдоосу менен «Нарын облусунда туруктуу экосистемаларды колдоо» демилгесинин алкагында жүргүзүлдү.

Анын негизги максаты — мектептин аймагын көрктөндүрүү, жашыл зоналарды кеңейтүү жана окуучулар арасында экологиялык маданиятты калыптандыруу. Ошондой эле балдарды жаратылышка аяр мамиле жасоого жана айлана-чөйрөнү коргоого тарбиялоо көздөлгөн.
Мектеп жамаатынын айтымында, бул демилге окуучулар үчүн таза жана жагымдуу чөйрө түзүүгө, билим берүү мекемесинин айланасын көрктөндүрүүгө өбөлгө болот.
Мектеп жамааты долбоорду каржылык жактан колдогон MSDSP KG коомдук фондуна ыраазычылык билдирет.

Жашыл мектеп — таза чөйрө, дени сак муун жана туруктуу келечек!
Даярдаган: И.Мөндүрбаева