Чүй облусунун Маловодное айылында социалдык жактан колдоого муктаж үй-бүлөлөргө кышка даярдык көрүүдө көмөк көрсөтүлдү. Айыл башчысы Айнура Исакованын демилгеси менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, жесир аялдарга жана майыптыгы бар жарандарга 15 тонна көмүр таратылды.

Маалыматка ылайык, кайрымдуулук демилгесине жергиликтүү мебель заводу демөөрчүлүк кылып, айылга жалпы 31 тонна көмүр жеткирип берген. Анын 16 тоннасы мечитке бөлүнсө, калган 15 тоннасы жардамга муктаж тургундарга таратылган.

Айыл башчысы Айнура Исакованын айтымында, көмүрдү бөлүштүрүүдө биринчи кезекте социалдык жактан колдоого муктаж үй-бүлөлөр эске алынган:
«Негизги максатыбыз — кыш мезгилинде жардамга муктаж болгон айылдаштарыбызга колдоо көрсөтүү. Мындай демилгелер элдин биримдигин бекемдеп, муктаж адамдарга дем-күч берет деп ишенем», — деди ал.
Ал эми жардам алган тургундардын бири Зинаида Молдобачаева көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылыгын билдирип, кыш мезгилинде көмүрдүн өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.
«Кышында көмүр маселеси биз үчүн оңой эмес. Ушундай учурда бизди унутпай, абалыбызды эске алып жардам көрсөтүп жаткандарына абдан кубанычтабыз. Айыл башчыбызга жана демөөрчүлөргө чоң рахмат», — деди ал.
Кайрымдуулук демилгеси кыш мезгилинде турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүгө жана айылдагы өз ара жардамдашуу салтын бекемдөөгө багытталган.
Даярдагандар: Айдай Джолчубекова,Раяна Бейшенбекова