Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында аз камсыз болгон эки үй-бүлө жаңы турак жайлуу болушту. Маалыматка ылайык, турак жай куруу демилгеси Суусамыр айыл өкмөтүнүн Эмират эл аралык кайрымдуулук фондуна жасаган кайрылуусунун негизинде ишке ашкан. Долбоордун алкагында эки үй-бүлөгө үй курулуп, пайдаланууга берилди.

Турак жайларды тапшыруу аземинде Суусамыр айыл өкмөтү фонддун кызматкерлерине ыраазычылык каттарын тапшырды. Ошондой эле калктын аярлуу катмарына мындан ары да колдоо көрсөтүү жана өз ара кызматташтыкты улантуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Даярдаган: Айтурган Кубанчыбековна