Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин сыртын оңдоо жана жаңылоо иштери аяктоо алдында турат.Курулуш иштери 21-августта башталган. Учурда оңдоо иштери толугу менен аяктап, мектепти пайдаланууга өткөрүп берүү даярдыктары жүрүүдө.

Долбоорду ишке ашырууга жалпысынан 6 миллион 745 миң сом жумшалган. Каражат облустук «Дем берүүчү гранттын» жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган.
Жаңыланган мектептин сырткы көрүнүшү билим берүү мекемесинин шарттарын жакшыртууга жана айылдын көркүнө көрк кошууга багытталган.
Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна