Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл аймагынын Кожомкул айылында С. Мырзабеков атындагы орто мектеп үчүн көмүр кампасы курулууда.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланууда. Жаңы кампа мектептин көмүрүн сактоо шарттарын жакшыртууга багытталган.
Белгилей кетсек, учурда С. Мырзабеков атындагы орто мектептин короосунда 100 орундуу, эки кабаттуу балдар бакчасынын курулушу да кызуу жүрүп жатат.
Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна